Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Оппозиционердин иниси Олег Навальныйга издөө жарыяланды


Олег Навальный агасынын сотунда. 18-февраль 2022-жыл
Олег Навальный агасынын сотунда. 18-февраль 2022-жыл

Орусияда оппозициячыл саясатчы, камакта отурган Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальныйга издөө жарыяланды. Анын аты Ички иштер министрлигинин тизмесинде 26-январда пайда болду. Бирок эмне себептен изделгени жазылган эмес.

Ошол эле күнү Москванын Люблино райондук соту Олег Навальныйдын бир жылга шарттуу түрдө кесүү өкүмүн өзгөртүп, түрмөгө камоо ыктымалдыгы боюнча соттук угуу 18-февралда башталарын билдирди.

Оппозиционердин иниси өткөн августта пандемиялык чектөөлөрдү бузууга калың элдин алдында чакырык таштагандыгы үчүн соттолгон. Ал өзү жана тарапташтары соттун чечими саясатташканын айтып келишет.

Кремлдин сынчысы Алексей Навальный былтыркы февралдан бери колонияда отурат. Ага буга чейинки өкүмдүн шарттарын бузган деген айып тагылган. Бул иште дагы саясий боёк бар деп сыпатталып келет.

25-январда орус бийлиги саясатчыны жана бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошкону белгилүү болгон.

Алардын арасында Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров, Лилия Чанышева жана Руслан Шаведдинов бар.

Орус мыйзамдарына ылайык, тизмеге киргизилген адамдардын банктык эсептери дароо камакка алынат. Эки аптадай мурда Навальныйдын дагы эки санаалашы - Леонид Волков менен Иван Жданов "террорист" деп аталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG