Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Парламентте социалдык медиадагы фейк аккаунттарды табуу демилгеси көтөрүлдү


Иллюсстрациялык сүрөт.
Иллюсстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 25-январдагы отурумунда депутаттар өлкөнүн атайын кызматынан фейк аккаунттарды табууну өтүнүштү.

"Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат Равшан Сабиров мамлекеттик жетекчилерге жалган жалаа жапкан, жарандардын аброюна шек келтирген аккаунттарды тазалоо керектигин айтып, "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалымат угууну, бул маселени атайын күн тартибине киргизүүнү өтүндү.

"Бул маселени күн тартибине киргизип, маалымат уксак, ар тараптуу карап көрсөк. Бул мыйзам коомго абдан керек, иштеши шарт. Бүгүнкү күндө мамлекеттин башында турган инсандарга да жалган жалаа жаап, ошондой эле ар бир жарандын аброюна шек келтирген нерселерден коомду биз, депутаттар, тазалашыбыз керек, муну эл күтүп жатат", - деди депутат.

Фейк аккаунттар жана интернеттеги жалган маалыматты чектөө тууралуу пикирлерин депутат Жусупбек Коргонбай уулу, Алишер Козуев, Улан Примов да айтты.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга мамлекет башчы 2021-жылдын 23-августта кол койгон. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна алынган.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укуктуу. Бул чаралар маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда колдонулары айтылат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG