Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:09

2021-жылы транспорт тармагына бюджеттен 4 млрд. сомго жакын каражат бөлүнгөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылы транспорт тармагына бюджеттен 3 млрд. 883 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 25-январда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Комитет автомобиль жолдорунун абалы жана жолдорду реконструкциялоо, куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маселе каралууда.

"2021-жылы транспорт тармагына 3 млрд. 883 млн. сом бөлүнгөн. Тагыраагы, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун реконструкциялоого 1 млрд. 250 млн. сом, Балыкчы-Тамчы-Корумду автоунаа жолун реконструкциялоого 275 млн. сом, Баткен облусундагы унаа жолдорун курууга 286,5 млн. сом каралган", - деди министрдин орун басары.

Маалыматка караганда, былтыр 147 чакырым узундугунда унаа жолдору курулган. Кайынбаев учурда унаа жолдорун реконструкциялоого жана курууга багытталган 14 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

Жол оңдоого байланыштуу коррупциялык иштер жана жолдордун сапаты боюнча маселе байма-бай көтөрүлүп келет.

1992-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстанга келген 10 млрд. доллардай сырткы жардамдын 26% транспортко жана жолго каралган.

Депутаттар соңку жылдары курулган жолдордун сапаты салыштырмалуу начар болуп, белгилер коюлбай жатканын белгилешүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG