Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Ташиев депутат иниси мандатын тапшыра турганын айтты


Шайырбек Ташиев.
Шайырбек Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев кийинки аптада мандатын тапшырат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январдагы маалымат жыйында анын бир тууган агасы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Көптөгөн сындар айтылып жатат, үйдө бир эле саясатчы болуш керек. "Сен саясатчы болбой эле кой, элге жардамыңды ошол жактан эле бере бер, мандатыңды тапшыр" деп айттым. Албетте, ал эл тарабынан шайланып келген. Ошондой болсо дагы ал макул болду. Келерки шаршембиде мандатын өткөрүп берет. Ташиевдердин үй-бүлөсүндө эки же үч саясатчы болбойт. Мен саясаттан кеткенден кийин саясатка келе беришсин, башкара беришсин", - деди Ташиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланып келген Шайырбек Ташиевге буга чейин үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жүргүзгөнү үчүн эскертүү берген.

2013-жылы Шайырбек Ташиев жакындары жана тарапташтары менен ошол кезде камакка алынган бир тууганы Камчыбек Ташиевди (УКМКнын азыркы жетекчиси), Садыр Жапаровду (азыркы президент) жана Талант Мамытовду (шайлоого чейин ЖК төрагасы болгон) бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштуруп, Бишкек-Ош жолун Барпы айылына кире бериш жерден тосуп алган. Ушундан кийин ал “массалык башаламандык уюштурууга жана конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталып, үч жылга шарттуу түрдө кесилген. Соттун өкүмү быйыл жазында жокко чыгарылган. 2016-жылдан тарта “Ата-Журт” партиясынан Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болгон.

Агасы УКМК башчылыгына келген соң Шайырбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы таасири күчөгөнү айтылып, аны Ташиевдердин үй-бүлөсү четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG