Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:23

Депутат Масалиев Башкы прокуратурада сурак берип жатат


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей Масалиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча суроолорго жооп берүүдө.

Депутат, "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров дагы Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Ал 14-17-январда дагы суракта болгон.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG