Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Үч ай мурда абактан чыккан казакстандык активист Кенжебек Абишев каза болду


Кенжебек Абишев. 2021-жылдын 13-октябрында абактан чыккан.
Кенжебек Абишев. 2021-жылдын 13-октябрында абактан чыккан.

Казакстандык активист жана акын Кенжебек Абишев 17-январда, 56 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Маалыматты анын аялы Гүлмира Абишева "Азаттыктын" казак кызматына ырастап, күйөөсү жүрөгү кармап каза болгонун айтты. Ал "жолдошунун абактан чыкканына чексиз сүйүнүшкөнүн, бирок минтип бактылуу ирмемдер кыска гана убакытка созулганын" кошумчалады.

Активист өзү жана анын жакындары анын саламаттагы түрмөдө жүргөн маалда кескин начарлап кеткенин айтышкан.

Кенжебек Абишев 2017-жылдын аягында кармалган. Аны менен кошо дагы эки адам Казакстанда "куралдуу жихадга чакырды" деген айып менен 2018-жылы жети жылга эркинен ажыратылган. 2021-жылдын сентябрь айында Алматы соту анын мөөнөтүнөн мурда чыгуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырып, октябрда абактан бошотулган. Калган жазасын үй камагында өтөп жаткан.

Айыпталуучу өзүнүн саясий көз караштары үчүн куугунтукка кабылганын айтып, күнөөсүн төгүндөгөн. Казакстандагы укук коргоочулар Абишевди саясий туткун деп аташкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG