Экономика жана коммерция министрлиги жол кыймылына байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Анда республикалык бюджетти салык эмес кирешелердин эсебинен көбөйтүү чаралары каралган.
Тактап айтканда, машинелердин алдыңкы эшиктериндеги терезелерди акча төлөп караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү чаралары жөнүндөгү жоболор бар.
Буга чейин Жогорку Кеңеште жана өкмөттө дагы автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу сунушу көтөрүлүп, тиешелүү долбоорлор даярдалганы айтылган.
Азыркы мыйзамдарга ылайык, унаасынын айнектерин караңгылатып алган айдоочуларга 5,5 миң сом айып пул салынат.
Кыргызстанда 1,5 миллионго жакын машине катталган.
Facebook шеринеси