Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

АКШ Казакстандагы жаатташкан тараптарды сабырдуулукка чакырды


Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки.
Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки.

АКШ Казакстандын бийлигин сабырдуулукка, ал эми нааразылыкка чыккандарды өз талаптарын тынч жол менен билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки 5-январда айтты.

«Биз Казакстандагы каршылык акциялары тууралуу маалыматтарга көз салып жатабыз»- деди ал Ак үйдө өткөн брифингде.

Псаки «Казакстандагы башаламандыктарга АКШнын тиешеси бар» деген Орусиянын билдирүүлөрүн «карандай калп» деп сыпаттады.

6-январга караган түнү өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Касым-Жомарт Токаев "мамлекетке бүлүк салган террордук топтор чет жактан катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин» билдирди.

Казак лидери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады. Бул уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Буга чейин Казакстандын расмий органдары нааразылыктар учурунда сегиз полиция жана улуттук гвардиянын бир аскери каза болгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG