Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Митингчилер Алматыдагы аэропортту ээлегени кабарланууда


Алматынын аэропортундагы күч кызматкерлери, 5-январь, 2022-жыл.
Алматынын аэропортундагы күч кызматкерлери, 5-январь, 2022-жыл.

Демонстранттардын тобу Алматы шаарындагы аэропортту ээлеп алганын Телеграмдагы Orda_kz каналы күбөлөргө шилтеме кылып кабарлады. Азырынча бул маалыматты бийлик өкүлдөрү ырасташа элек.

Беларустагы демонстрацияларды чагылдырып жүргөн Nexta-Live "Телеграм-каналы" митинчилер аэропорту ээлеп алганын аба майдандын коопсуздук кызматы бышыктаганын, бүгүнкү аба каттамдары аткарылбай турганын билдирди.

Казакстандын айрым медиа каражаттары да аэропорттун басма сөз кызматы аба майданды ондогон адамдар басып алганын ырастаганын кабарлашты.

“Азыр аэропортто 45 киши бар. Алар киргенден кийин аэропорттун кызматкерлери чыгып кетишти. Басып алуу маалында терминалда жүргүнчүлөр жок болчу. Жүргүнчүлөрдү тез эвакуация кылганга үлгүрдүк”, - деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандын айрым медиа каражаттары жазгандай, аэропорттун басма сөз кызматы аба майданды ондогон адамдар басып алганын ырастады.

“Азыр аэропортто 45 киши бар. Алар киргенден кийин аэропорттун кызматкерлери чыгып кетишти. Басып алуу маалында терминалда жүргүнчүлөр жок болчу. Жүргүнчүлөрдү тез эвакуация кылганга үлгүрдүк”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мунун алдында Би-Би-Синин орус кызматы ондогон митингчилер Алматынын аэропортуна багыт алганын орусиялык журналисттерге шилтеме кылып жазган.
Орусиялык TACC агенттиги болсо “Аэрофлот” авиакомпаниясы шаршембинин кечине белгиленген Москва - Алматы каттамын токтотконун маалымдаган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG