Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Иракта генерал Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгын утурлай акция өттү


Багдадда нааразылык акциясына чыккандар. 1-январь, 2022-жыл.
Багдадда нааразылык акциясына чыккандар. 1-январь, 2022-жыл.

Ирактын баш калаасы Багдадда жүздөгөн адам ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнүн эки жылдыгын утурлай нааразылык акциясына чыгышты. Алар башкы аянтта Америкага каршы ураандарды чакырып, Сулейманинин сүрөттөрүн көтөрүп турушту.

31-декабрда Ирандын тышкы иштер министрлиги «Твиттердеги» билдирүүсүндө Сулейманинин өлүмү үчүн «эл аралык жоопкерчилик АКШнын мойнунда экенин жазып, ал окуяны «террордук кол салуу» катары мүнөздөгөн.

АКШ башында турган эл аралык миссия Ирактагы «аскердик миссиясын» аяктаганын жарыялаганы менен ушул тапта жергиликтүү күчтөрдү машыктырып, кеңеш берүү үчүн 2500дей америкалык жана 1000ге чукул коалициянын аскери бар.

Генерал Сулеймани 2020-жылы 3-январда Багдаддын жанындагы аба майданында америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан базага сокку урган. Бул окуя Иран менен АКШнын ансыз начар мамилесин туңгуюкка кептеген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG