Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоодо талаш чыкты


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин 30-декабрдагы отурумунда парламенттин түзүмүн бекитүү боюнча талаш чыкты. Депутаттык комиссиянын жети комитет түзүү боюнча сунушу колдоо таппай калып, кайрадан иштеп чыгуу үчүн танапис жарыяланды.

Ар бир фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрүнөн түзүлгөн депутаттык коммиссия жети комитет түзүүнү сунуш кылган. Бирок айрым депутаттар агрардык саясат, экология, маданият, миграция өңдүү тармактар камтылбай калганын билдирип, комитеттердин санын көбөйтүүнү талап кылышты.

Депутаттык комиссия жети комитет түзүүнү сунуштаган. Алар:

  • Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты, экология;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент;
  • Финансылык-экономикалык саясат;
  • Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана спорт;
  • Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитеттери.

Депутаттык комиссия Жогорку Кеңеште төрт вице-спикер кылууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 29-декабрда ишин баштады.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG