Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Беннет Иран менен державалардын келишими тууралуу оюн айтты


Нафтали Беннет
Нафтали Беннет

Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет Иран менен дүйнөлүк державалардын “жакшы” өзөктүк келишимине каршы эместигин билдирди. Бирок ушул жумада соңуна чыгуучу сүйлөшүүлөр жемиштүү аяктарына ишенбей турганын кошумчалады.

Сүйлөшүүлөргө катышпаган Израил 2015-жылкы келишимди чабал деп сындап келген. Жөөт бийлиги Иранды өзөктүк куралды чыгарууга жакындаш үчүн “опузалоого” барууда деп айыптаган.

Венада 27-декабрда сөз болгон келишимди жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталган. 2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти келишимден чыгып кеткенден кийин Тегеран документтин шарттарын аткаруудан бара-бара баш тартып келген. Атомдук программасы тынч максаттарды гана көздөрүн кайталаган Иран бийлиги азыркы сүйлөшүүлөрдө Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкцияларды алуу талкууланышы керектигин айтууда.

Евробиримдиктин өкүлдөрү Тегерандын жаңы талаптарына иренжигенин билдиришсе, орус делегациясынын жетекчиси "Твиттердеги" постунда жумушчу топтун ишинин “талашсыз алга жылышын” белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG