Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Бажынын башчысы коррупцияга каршы журналисттерди жардамга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттыктын" Бажы кызматындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнөн кийин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов түзгөн коррупциялык схемага аралашкан деген 40 бажы кызматкеринин 20сы кызматтан алынып, 20сы кызмат ордунан төмөндөтүлдү.

Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков "Азаттык" радиосуна курган маегинде билдирди.

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков бажыдагы коррупция менен күрөшкө кошкон салымы үчүн "Азаттык" радиосуна ыраазычылык кат тапшырып, мындан ары дагы коррупция менен күрөшкө жардам берүүнү өтүндү.

“Коррупциялык схемага аралашты делген 40 бажычы боюнча кызматтык иликтөө аяктады. Анын 14ү кызматтан бошотулду. Алты адам резервге чыгарылган. Төрт айдан кийин бир кызмат берип көрөбүз, эгер макул болбосо толук бошотобуз. Мыйзамдын талабы ошондой. Калган 20 адам коррупциялык схемага тиешеси жок деп аныкталды. Бирок аларды жооптуу жерлерге койгон жокпуз", - деди Кубанычбеков.

Кубанычбеков учурда бажы терминалдарында артыкчылыгы бар компаниялар жок экенин, мурдагы бажчыларга таандык деген Канттагы, Оштогу бажы терминалдары алып салынганын айтты.

"Коррупциялык схема түзгөн бажычылар мамлекеттин казынасына кыянаттык кылган. Негизинен кантип акча табышкан? Мисалы стакандын бажы төлөмү бир доллар болсо, стакан эмес калем сап деп 50 цент бажы төлөмүн алышкан дагы, калганын бөлүп алышкан".

Бажы кызматынын төрагасы учурда бажы тармагындагы коррупция жоюлду деп айта албасын, бирок толук санариптештирүүнү бүтүрүп, бажычылардын айлыгын көбөйткөн соң кепилдик берерин белгиледи.

2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

УКМКнын башысы Камчыбек Ташиев ушул жылдын февраль айында 38 кишинин ичинен 10 адам кармалып кайра коё берилгенин, калгандарынын иши тергелип жатканын кошумчалаган.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.

Бажыдагы коррупция боюнча соттолгон Нурлан Ражабалиев 28-ноябрда өткөн шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутаттыкка шайланды. Анын соттуулугу жоюлганы белгилүү болду. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG