Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

УКМК экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун камалганын ырастады


Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалганын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, атайын кызмат өлкөнүн жарандарынын ортосунда кастыкты козуткан, тынчтыкты жана ынтымакты бузган адамдарды аныктоо максатында интернетке мониторинг жүргүзгөн.

“Аткарылган иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды”, - деп жазылат УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык кичи ажылык зыяратка баратканда чек арачылар ага “өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин” айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.

Ал сегиз сааттан ашык Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) суракта отурганы айтылды. Адвокаты Айым Камчыбекова алгач коопсуздук кызматкерлери Калмаматовдун жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн деп текшерип жатканын маалымдаган.

Бийликти кескин сындап жүргөн саясатчы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG