Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Ошто таштандыны туш келди ыргыткандарга айыппул салынат


"Ош-Тазалык" орноткон видеобайкоо.
"Ош-Тазалык" орноткон видеобайкоо.

Ош шаарында туура эмес таштанды төккөн жарандар менен күрөшүү максатында 20 жерге видео көзөмөл орнотулат. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, камералар таштандыны атайын идишке салынбаган жана курулуш калдыктары көп төгүлгөн жерлерге орнотулууда. Алар 24 саат иштеп, жарандардын жүзүн, автоунаасын жазып алат.

Мыйзам бузуп видео көзөмөлгө түшкөн жарандар айыпка жыгылат.

"Ош-Тазалык" - шаарда 220 миң кишини тейлеп, жылдык бюджети 90 миллионго чукулдайт.

Ош шаарынын 2021-жылкы бюджетинен мекемеге 23 миллион 500 миң сом бөлүнгөн. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG