Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:28

YouTube орусиялык RT телекомпаниясынын каналын өчүрдү


RT телеканалынын логотиби.
RT телеканалынын логотиби.

YouTube Орусиянын мамлекеттик Russia Today (RT) телекомпаниясынын немис тилиндеги RT auf Sendung аттуу жаңы каналын өчүрдү. Бул тууралуу RT компаниясы Телеграм аркылуу кабалады. YouTube порталындагы каналдын өчүрүлүшү орус телекомпаниясы немис тилиндеги телеберүүлөрүн баштаган күнгө туура келди.

YouTube порталына ээлик кылган Google корпорациясы немис тилиндеги канал RT компаниясы буга чейинки чектөөлөрдү буйтап өтүүгө аракет кылганы үчүн өчүрүлгөнүн билдирди. Сентябрь айында RT компаниясынын немис тилиндеги башка бир каналы жабылган. Буга аталган каналдын COVID-19 илдети жана вакциналар тууралуу туура эмес маалыматтарды таратканы негиз берген.

“Эгер канал өчүрүлгөн болсо, анда анын кожоюну YouTube порталында башка каналдарды ача албайт, колдоно албайт же түзө албайт. Ошондуктан RT auf Sendung каналы YouTube порталын колдонуу эрежелерин бузганы үчүн, тагыраагы мурдагы чектөөлөрдү буйтап өткөнү үчүн жабылды”, - деп айтылат Google корпорациясынын билдирүүсүндө.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул чечимди “цензура” катары мүнөздөдү. Орусиядагы медиа жана байланыш тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси өлкөдө YouTube порталына карата чектөөлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG