Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Оргалча Айгүл Жапарова менен тааныш эместигин, бийликтин саясатын колдорун айтты


Токтобүбү Оргалча.
Токтобүбү Оргалча.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттаган Токтобүбү Оргалча жарандыгы жана бийлик менен байланышы жөнүндө билдирүү таратты. Ал интернет айдыңында айтылып жаткандарды курулай ушак деп атады. Токтобүбү Оргалча видео кайрылуусун “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

“Эл ичинде мен жөнүндө аябагандай чоң ушак айланып жатат. Мени уйгур, кытай, тыңчы кылып атышат. Бул такыр чындыкка дал келбейт. Мен Ат-Башыдан кеткен чериктин кызымын. 1916-жылы чоң аталарыбыз Ат-Башыдан Кытайга үрккөн”, - деди Оргалча.

Ал кыргыз жарандыгын алган учурда кытай жарандыгынан расмий баш тартканын билдирди. Токтобүбү Оргалча президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова менен эч кандай тааныштыгы жок экенин, бирок азыркы бийликтин саясатын колдой турганын белгиледи. Оргалча ага мандат мыйзамдуу тийгенин дагы кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү.

БШК кабыл алган жобого ылайык "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот.

"Альянс" партиясы БШКнын чечимин сындап, сотко кайрыла турганын жарыялады. Жанар Акаев муну өзүн парламентке өткөрбөө аракети катары баалап жатат.

Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар Токтобүбү Оргалчага таандык "Шыдыр Жол KG" ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, 4-июнда Айгүл Жапарова жетектеген "Үмүт булагы" фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын билдирген.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG