Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:11

Султанбаев: Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен тааныш эмес


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттаган Токтобүбү Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын байланышы тууралуу сөздөрдү четке каккан билдирүү таратты.

"Президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган чечимдерди саясатташтыруунун, чайкоочулук кылуунун кереги жок. Биринчи айым Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү.

БШК кабыл алган жобого ылайык "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар Токтобүбү Оргалчага таандык "Шыдыр Жол KG" ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, 4-июнда Айгүл Жапарова жетектеген "Үмүт булагы" фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын билдирген.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG