Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

"Альянс" Акаевдин мандатына байланыштуу БШКны сотко берет


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

"Альянс" партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча сотко кайрылат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев билдирип, БШКнын шайлоо бүткөндөн кийин жобону өзгөртүүсү шек жаратып жатат деген оюн айтты.

“Партиянын юристтери өзүбүздүн жүйөлөрдү келтиребиз деп кеңешип жатабыз. Экинчиден, буга чейин бир жолу өтпөй калган документтин шайлоодон кийинки кайра өзгөртүлүшү шайлоонун жыйынтыгына шек жаратат. Мыйзамдуу өлкөдө сот менен чечебиз деп ишенем”, - деди Жээнчороев.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан - 1, жети мандат алган партиядан - 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Бул өзгөртүү жети мандат алган "Альянс" партиясына тиешелүү болуп, талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары айтылды.

Буга чейин БШКда жобону өзгөртүү боюнча эки жолу добуш берилип, эки жолу тең колдоо тапкан эмес. Бул жолу шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өз позициясын өзгөрткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG