Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Орусияда кырсык болгон шахтанын жетекчилери кармалды


"СДС-Уголь" компаниясынын имараты.
"СДС-Уголь" компаниясынын имараты.

Орусиянын Тергөө комитети Кемеров облусундагы Листвяжная шахтасындагы кенчилердин өлүмүнө байланыштуу кенди иштеткен компаниянын бир катар жетекчилери кармалганын билдирди.

Алардын арасында шахтанын негизги кожоюну, "СДС-Уголь" холдингинин жетекчиси Михаил Федяев, холдингдин башкы жана техникалык директорлору Геннадий Алексеев менен Антон Якутов, башкы инженер Анатолий Лобанов бар.

Аларга "өндүрүш коопсуздугунун талаптарын бузган", "ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланган" деген айып тагылды.

2-декабрда Орусия президенти Владимир Путиндин катышуусундагы жыйында Федяев менен Алексеев шахтадагы кенчилердин өлүмү үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алууга даяр экенин билдиришкен.

25-ноябрда Листвяжная шахтасында метандын жарылуусунан 51 адам өлгөн. Алардын арасында 46 шахтер жана беш куткаруучу болгон.

Соңку 20 жылда Орусияда адам өмүрүн алган 23 шахта кырсыгы катталган. Алардын 14ү Кемеров облусунда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG