Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

АКШ Украинага чек араны чыңдоого 20 миллион доллар бөлөт


Украин-америкалык биргелешкен "Коркпогон сакчы" аскердик машыгуусу.
Украин-америкалык биргелешкен "Коркпогон сакчы" аскердик машыгуусу.

Орусия жана Беларус менен чектешкен Украинанын Түндүк жана Чыгыш чек ара тилкелерин бекемдөө үчүн Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруу үчүн Вашинтгон Киевге 20 миллион доллар бөлүп жатканын Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Долбоор 2022-жылдын январь айында башталат. Ага ылайык, украин чек арачыларын учкучсуз учуучу аппараттар, атайын чопкутталган автоунаалар жана видеобайкоо тутумдары менен камсыздалат.

АКШнын Украинадагы элчилигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук тартибин камсыздоо боюнча эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Сара Лангенкомп "аскердик операциялардын жүрүшүндө бөлүмдөрдүн кызматтык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн техникалык жардам көрсөтүлүп жатканын" белгиледи.

Украинанын түндүк, чыгыш чек араларын коргоо жана коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу милдети өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоого байланыштуу экени айтылды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Владимир Никифоренко Украинанын чыгышында жана түндүгүндө абал оңой эмес экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, долбоор өздүк курамды коргоо, жер-жерлерде жеке коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруудагы тапшырмаларды так аткарууга багытталган.

АКШ 2021-жылы Украинага "коопсуздук милдеттери үчүн" болжол менен 450 миллион доллар бөлгөн. Быйыл октябрь айында Киевге танкка каршы 30 ракеталык комплексти жана 180 ракетаны өткөрүп берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG