Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:42

Алимардон Шүкүров "Жылдын мыкты футболчусу" аталды


Сыйлык тапшыруу аземи. 10-декабрь, 2021-ж. Бишкек.
Сыйлык тапшыруу аземи. 10-декабрь, 2021-ж. Бишкек.

Жарым коргоочу Алимардон Шүкүров Кыргызстандын "Жылдын мыкты футболчусу" аталды. Мындай наам ага бүгүн, 10-декабрда Бишкекте өткөн Football awards-2021 аталган жыл мыктыларын тандоо салтанатында ыйгарылды. Бул наам үчүн Шүкүровдон сырткары Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин жана жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов ат салышты.

Алимардон Шүкүров 22 жашта. Учурда Беларустун "Неман" клубунда ойнойт. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катарына 2017-жылы кошулган. Бул жылы профессионалдык карьерасын Канттын "Абдыш-Ата" клубунда баштап, эки жылдан кийин Түркиянын "Болуспор" клубунда уланткан.

"Жылдын мыкты футболчу айымы" наамы Айтурган Аскаровага ыйгарылды. “Жылдын мыкты машыктыруучусу” наамы футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге, “Мыкты футзал оюнчусу” наамы Шахрух Махмадиновго, “Мыкты калыс” наамы Нурдин Букуев менен Денис Шалаевге ыйгарылды. “Кыргызстандын премьер лигасынын мыкты оюнчусу" деп “Абдыш-Ата” командасынын оюнчусу Мирбек Акматалиев аталды.

Футболдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Баткен облусунун футбол федерациясына “Жылдын мыкты федерациясы” наамы берилди.

10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты. Кыргызстандагы футболдун 100 жылдык өнүгүү мезгилин чагылдырган архивдик сүрөттөр камтылган фотокөргөзмө уюштурулду. (GT/ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG