Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Шинжаңдагы кысым тууралуу айткан активистке эл аралык издөө жарыяланышы мүмкүн


Кытайдагы этникалык казактарды бошотууга үгүт жүргүзгөн белгилүү активист Серикжан Билаш.
Кытайдагы этникалык казактарды бошотууга үгүт жүргүзгөн белгилүү активист Серикжан Билаш.

Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалып жаткан кысым тууралуу айтып жүргөн жарандык активист Серикжан Билашка Казакстандын укук коргоо органдары издөө жарыялап, кармалышы мүмкүн.

Алматы шаарынын Алатау районунун пробация кызматы активистти издөө тууралуу соткө өтүнүч келтиргени белгилүү болду.

"Сунуш жаңы эле түшүп жатат. Сот чечет. Азыр ага жактоочу бекитүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул боюнча иш 14-декабрда каралат", - деди Алатау райондук сотунун кызматкери Зухра Акрамова.

Адвокат Чынкуат Байжанов документтер менен таанышкан соң жооп берерин билдирди.

Былтыр өз өлкөсүндөгү куугунтуктан коркуп Казакстандан чыгып кетип, азыр АКШда жашап жаткан жарандык активист Серикжан Билаш “буга бир нече себептер болушу мүмкүн” экенин “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.

Былтыр ноябрда БУУнун адам укугу боюнча комитетинин алдындагы атайын жумушчу топ Серикжан Билаштын ишин карап чыгып, ал мурда мыйзамсыз жоопко тартылып, камалганы тууралуу чечим чыгарган.

Ага Кытайдагы мусулман азчылыктарына жасалып жаткан кысымга каршы Алматы шаарында каршылык акцияларын уюштурганы үчүн иш козголуп, кийин бошотулган.

БУУнун маалыматы боюнча, Шинжаңда жашаган бир миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандар 2017-жылдан бери “кайра тарбиялоо ” лагерлеринде камалган. Бээжин бул лагерлерди “терроризмге каршы борбор” деп атаган.

Эл аралык укук коргоочулар жана Кытайдагы бул окуялардын түз күбөлөрү лагерлерде адам укуктарынын одоно бузулушу, анын ичинде кыйноо, куугунтуктоо, зордук-зомбулук жана мажбурлап иштетүү болуп жатканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG