Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:46

Улуттук банк валюта базарына дагы 71,3 миллион доллар сатты


Кыргызстандын Улуттук банкы 7-декабрда ушул жылдын башынан берки кезектеги эң ири интервенцияны жасап, өлкөнүн валюта рыногунда 71,3 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды. Ошентип, жыл башынан бери жалпы суммасы 633 миллион долларга 14 жолу интервенция жасалды.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,92 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,79 сом деп көрсөтүлгөн.

Улуттук банк буга чейин инфляцияны ооздуктоо максатында эсептик ченди 8% чейин жогорулаткан. Банктын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 2021-жылдын ноябрь айында инфляция жылдык мааниде 12,1% түзгөн. Ал эми жыл башынан тартып баалар 9,5% өскөн. Анда баа дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кымбаттоодон улам жогорулаганы белгиленген.

Улуттук банк акыркы жолу 2021-жылдын 23-ноябрында интервенция жасап, 70,3 млн. доллар саткан.

2020-жылы Улуттук банк 29 интервенция жасап, 465 миллион 950 миң доллар саткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG