Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Бишкек дүйнөдөгү абасы булганган шаарлар арасында экинчи орунга чыкты


Бишкек.
Бишкек.

World Air Quality уюмунун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 7-декабрда 198ге жетти. Бул - баш калаада аба өтө булганган жана ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт.

Уюмдун баасы боюнча азыр Бишкек дүйнөдөгү абасы саламаттыкка өтө зыян жана булганган деген он шаардын катарында турат.

Ноябрда Кыргызстандын борбору бул индексте баарынан озуп, биринчи орунга чыккан. Ал кезде көрсөткүч (AQI) 200дөн ашып, 300гө жакындаган. Негизи, аба таза болгондо атайын изилдөөчү жабдыктар 50дөн ылдый көрсөткүчтү көрсөтөт.

Мурдагы жылдары кышында, январь-февраль айларында башкалаада жана анын четинде индекс 800дөн ашып кеткен учурлар болгон. Быйыл абанын сапаты ноябрдан тартып эле начарлай баштаганы байкалды.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда.

Өкмөт Бишкекте абанын булганышы боюнча көйгөйдү иликтөө, элдин ден соолугун коргоо жана маселени чечүү чараларын ыкчам иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык өзгөчө комиссия түзгөнү 17-ноябрда маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG