Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Шайлоо-2021: Кол санактын протоколдору 99,96% катталып бүттү


БШК.
БШК.

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага ушул саатка карата (6-декабрь, 00:13) 99,96% катталып бүттү.

2494 участкалык шайлоо комиссиясынын (УШК) бирөө боюнча гана маалымат кечээтен бери жаңылана элек болууда. Ал кайсы УШК экенин жана эмне үчүн жаңыланбай турганын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азырынча түшүндүрө элек.

Кол санак бүткөнүн, протоколдор жалпы системага катталып жатканын, шайлоонун расмий жыйынтыгы кол менен саноодон кийин гана чыгарыларын Боршайком 1-декабрда билдирген.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми парламентте 90 гана болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 21 партиядан 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышты.

Шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы зарыл.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG