Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Минскинин соту "Свабода" радиосун "экстремисттик" деп тапты


«Радыё Свабода-Беларусь» радиосунун сайты.
«Радыё Свабода-Беларусь» радиосунун сайты.

Минскинин Борбордук райондук соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы - "Свабода" радиосунун Telegram-каналында, ошондой эле анын башка соцтармактарындa, анын ичинде YouTube каналында "экстремисттик материалдар камтылган" деп тапты. Бул тууралуу беларус кызматы маалымдады.

Сот чечими Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын маалыматынын негизинде чыккан.

Беларуста былтыртан бери 300дөй интернет-ресурсу "экстремисттик" деп таанылган. Ноябрда Белсат телеканалы жана БелаПАН маалымат агенттиги “экстремисттик түзүлүш” деп табылса, 23-ноябрда “Наша Нива” басылмасынын Telegram-каналыы жана социалдык тармактары “экстремисттик материалдардын” тизмесине киргизилген.

Ноябрдын аягында Минск шаардык соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын штаттан тышкаркы кызматкери Андрей Кузнечикти 10 күнгө камакка алган. Ал майда бейбаштык боюнча айыпталган.

2020-жылдын июнь айында "Свабода" радиосунун жаңы медиа боюнча штаттан тышкаркы кеңешчиси, блогер Игорь Лосик Минскиде кармалган. Ошондон бери ал темир тор артында отурат. Лосик башка бир иш боюнча блогер жана Беларустун президенттигине талапкер болгон Сергей Тихановский менен чогуу айыпталууда.

Беларус бийлиги 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоодон кийин өлкөнү нааразылык акциялары каптап, Лукашенко алтынчы мөөнөткө катары менен шайлангандан бери жүздөгөн Telegram-каналдарын “экстремисттик” деп жарыялады.

Бийлик демократиялык кыймылды катуу куугунтуктап, миңдеген адамдарды камакка алып, оппозициялык ишмерлердин көбүн өлкөдөн кууп чыкты. Ошондой эле кыйноо жана катаал мамиле тууралуу ишенимдүү маалыматтар келип, бир нече адам каза болгону кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG