Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

УКМК салык кызматы менен транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады


Шектүүлөрдү кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүлөрдү кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Салык кызматы менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жемкорлукка шек саналып кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, шектүүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга керектөөчү товарларды импорттоодо коррупциялык схемаларды уюштуруу фактысы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында колго түшкөн. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн эл керектөөчү товарлардын “Ак-Тилек” салыктык каттоо пункту жана ушул эле аталыштагы транспорттук көзөмөл пункту аркылуу үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу үчүн акча алып турушкан деп шек саналууда.

Бул ишке байланыштуу Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында салыктар менен иштөө боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башкы инспектору М.Э.Х., аталган кызматтын салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Д.А.А., Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл кызматынын инспектору А.Н.Т., "Ак-Тилек" салмак-габариттик көзөмөл пунктунун башкы инспектору М.А. кармалган.

Мындан сырткары УКМК ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башкы инспектору Т.К.Н. “Хонда” үлгүсүндөгү автоунаасынан 114 300 сом накталай акча табылган. УКМКнын билдиришинче, бул каражат "Ак-Тилек" Товарларды салыктык эсепке алуу пунктунун айрым кызмат адамдарына тиешелүү документтери жок же наркы төмөн бааланган товарларды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн сыйакы катары берилген.

Статистика боюнча Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар. Ушул шартта жаңыдан бекитилген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 млрд. сомго чейин толтурууга убада берүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG