Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

"Омикрон" катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт


"Омикрон" штаммынын Түштүк Африканын желегиндеги коллажы.
"Омикрон" штаммынын Түштүк Африканын желегиндеги коллажы.

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Ошондой эле инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

29-ноябрдагы расмий кабарга ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет.

Мамлекеттик органдарга COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Бишкек бул жаатта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен да чукул консультация өткөрдү.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

"Омикрон" Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапты.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашып, 2750гө жакын адам көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG