Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Пакистан парламенти химиялык кастрацияга жол ачкан мыйзамды жактырды


Зордуктоого айыпталгандарды сот жообуна тартууну талап кылган акция, Пакистан. 8-апрель, 2021-жыл.
Зордуктоого айыпталгандарды сот жообуна тартууну талап кылган акция, Пакистан. 8-апрель, 2021-жыл.

Пакистан парламенти бир нече жолу зордуктоого барган кишилердин химиялык кастрациясына жол ачкан мыйзамды жактырды. 17-ноябрдагы сессияда кабыл алынган долбоордо "өкмөт зордуктоо жана сексуалдык ыдык көрсөтүү иштерин кароону тездетүүчү атайын сотторду түзүүгө тийиш" деп айтылат. Документ эми президент Ариф Алвинин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү.

Химиялык кастрация – дары же гормон сайуу менен адамдын сексуалдык каалоосун убактылуу басуу ыкмасы.

Былтыр сентябрда Пакистандын премьер-министри Имран Хан анын администрациясы сексуалдык кылмыштарды жасаган адамдарды башкаларга эскертүү иретинде жазалоону караган мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирген. Анын алдында өлкөдөгү кан жолдо эркектердин тобу бир аялды балдарынын көзүнчө зордуктагандан кийин Пакистандын ар кайсы жеринде ири акциялар тутанган.

Карачиде жайгашкан “Зордуктоого каршы согуш” бейөкмөт уюму маалымдагандай, өлкөдө сексуалдык ыдык жана зордуктоо учурларынын 3 проценти гана айыптуу кишинин соттолушу менен аяктайт.

Былтыр жыл аягында Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) адамдын макулдугусуз жасалган химиялык кастрацияны “ырайымсыз жана адамгерчиликке жатпаган” аракет катары сыпаттаган.

"Пакистан бийлиги анын ордуна сексуалдык зомбулукка алып келген себептерди жоюуну, кылмышкерлерди сот жообуна тартууну жолго салууга тийиш", - деп билдирген Лондондо жайгашкан эл аралык уюм.

Кылмышкерлердин химиялык кастрациясы Орусия, Чехия, Түштүк Корея жана АКШнын айрым штаттарында киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG