Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Тергөө абагындагы Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады


Гүлзат Мамытбек.
Гүлзат Мамытбек.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Бишкектеги №1 тергөө абагында алдамчылыкка шек саналып камакта отурган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал системага нааразылыгын билдирип 14-ноябрдан тарта тамак-аштан баш тарткан. Мындан тышкары Жаза аткаруу кызматынын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мекемелериндеги кармоо шарттарына даттанган.

"Айыпталуучунун пикиринде, ага негизсиз айып тагылып жатат жана анын маселеси жарандык тартипте каралышы керек болчу. Анын айтымында, муну тастыктаган бардык документтер бар”, - деп айтылат маалыматта.

Гүлзат Мамытбек кат-кабарлары убагында жөнөтүлбөй жатканын да айткан. Тергөө изоляторунун жетекчилиги шектүүнүн бардык маалым каттары ыкчам түрдө дарегине жөнөтүлүп жатканын билдирген.

Коомчулукка Гүлзат Мамытбек деген ат менен таанымал блогер Гүлзат Алымкулова Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен шек саналып жатат.

Ал 25-октябрда Кыргызстанга кайтып келгенде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Милициянын маалыматы боюнча, ага каршы арыз менен Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жети адам кайрылып, жалпысынан андан 110 миң долларлык зыян тартканын айтышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG