Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Болгарияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат


Болгариядагы шайлоодо өз добушун бери жаткан жаран. 14-ноябрь, 2021-жыл.
Болгариядагы шайлоодо өз добушун бери жаткан жаран. 14-ноябрь, 2021-жыл.

Болгарияда 14-ноябрда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ушуну менен өлкөдө соңку бир жылда үчүнчү жолу шайлоо өтүүдө. Апрель жана июль айында өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке өткөн партиялар министрлер кабинетин түзүү боюнча орток пикир таба алышкан эмес.

Добуш берүү Болгарияда саясий кризис, каатчылык жана эпидемиологиялык абал курчуп турган маалда өтүп жатат.

НАТО менен Евробиримдикке мүчө Болгарияда коррупция болуп көрбөгөндөй жайылган. Шаркеттеги мамлекеттердин ичинен эң жакыр, сөз эркиндиги басмырланган жана жемкорлукка белчесинен баткан өлкө катары саналат.

Он жылдан ашуун өкмөттү жетектеген Бойко Борисов быйыл апрелде жапырт нааразылык акцияларынан кийин кызматтан кеткен.

Сурамжылоолорго караганда, президенттикке ат салышып жаткандардын арасынан азыркы президент Румен Радев алдыга чыгышы мүмкүн. Бирок ал элүү пайыздык босогодон өтө алабы деген күмөн саноо дагы бар. Болбосо шайлоонун экинчи айлампасы өтүшү ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG