Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Польшанын бийлиги чек арадагы миграциялык кризис боюнча НАТОго кайрылды


Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар. 14-ноябрь, 2021-жыл.
Беларус-Польша чек арасындагы мигранттар. 14-ноябрь, 2021-жыл.

Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий НАТОго кайрылып, Беларус менен чек арадагы миграциялык кризисти чечүү үчүн «батыл чараларды» көрүүгө чакырды.

Ал ошондой эле мигранттар күч менен киргенге аракет кылары күтүлүп жатканын билдирди. Бир күн мурда Беларус тараптан 200дөй адам Евробиримдикке мүчө мамлекетке күч менен киргенге аракет кылышкан.

Жакынкы Чыгыштан келаткан миңдей адам учурда Беларус-Польша чек арасындагы лагерлерде, начар шарттарда жан багууга аргасыз. Евробиримдик аларды өз мекендеринен алып келип, шаркетти көздөй айдактаганы үчүн Александр Лукашенкону күнөөлөп жатат.

Ал бул дооматтарды четке кагып, мигранттарды кабыл албай жатканы үчүн Евробиримдикти айыптоодо. Шаркет бул үчүн Минскиге санкция салынарын эскертти.

Польшанын чек арачылары «Твиттерге» 14-ноябрда жазгандай, ушул тапта «Кузница аймагындагы лагердеги мигранттар арасында толкундоолор байкалып турат. Алар чек арадан өтүүгө катуу аракет жасашат». Польша алардын чек арачылары каршылык көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин мигранттар Польшанын чек арачыларын көздөй таш ыргытып, чабуул жасашканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG