Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:51

Ош: муниципалдык ипотекага батирлер бериле баштайт


 Ипотекалык программанын алкагында курулган үй. Бишкек. 2019-жыл.
Ипотекалык программанын алкагында курулган үй. Бишкек. 2019-жыл.

Ош шаарындагы 170 батирлүү эки үйдүн курулушу ушул жылдын соңунда бүтөт.

Бул үйлөр алгачкы жолу муниципиалдык ипотека программасынын алкагында курулганын шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов 14-ноябрда “Азаттык” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, ипотека төрт пайыздык үстөк менен 12 жылдык мөөнөт менен берилет. Шаардык кеңеш бекиткен жобого ылайык батирлерди бөлүштүрүүдө мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлерге артыкчылыктар бар.

Учурда Ош шаары боюнча 1700 адам ипотекалык насыя алууга арыз беришкен. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG