Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

Ооганстандын чыгышында жардырууда кеминде эки киши өлдү


Ооганстандагы жардыруу болгон жерде
Ооганстандагы жардыруу болгон жерде

Ооганстандын чыгышындагы Нангахар провинциясындагы мечитте болгон жардыруудан кеминде эки киши өлүп, ондон ашуун киши жараат алды. Бул тууралуу 12-ноябрда жергиликтүү бийлик кабарлады.

Жардыруу Тарела кыштагындагы мечитте жума күнкү намаз маалында болгон. Атын ачык айткысы келбеген жергиликтүү аткаминер мечиттин ичине коюлган бомба жарылганын билдирди.

Провинциянын уруу лидери бутага алынгандардын арасында "Талибан” дайындаган райондун башчысы да болгонун айтты. Айрым малыматтарда бери дегенде 15 киши жараат алганы айтылат.

Азырынча карасанатайлыкты ким жасаганын эч ким мойнуна алган жок. Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук уюму бул аймакта кандуу чабуулдарды ишке ашырып келгени белгилүү.

Талибдер май айында АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандагы аскерлерин чыгара баштагандан бери ооган армиясына каршы чабуулдарын күчөтүп, июнь-июль айларында бир топ райондорду ээлеп алган. 15-августта куралдуу кыймыл Кабулда бийликти басып алганда президент Ашраф Гани өлкөсүн таштап, белгисиз тарапка чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG