Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Индияда Ооганстан боюнча аймактык конференция өттү


Ооганстандагы окуучу кыздар.
Ооганстандагы окуучу кыздар.

Индия 10-ноябрда Ооганстанды кайрадан глобалдык терроризмдин чордонуна айландырбаш үчүн кызматташууга чакырган аймактык коопсуздук конференциясын өткөрдү.

АКШ баштаган Батыштын аскерлери Кабулдан чыгып кеткенден кийин үч ай өткөн соң уюштурулуп жаткан бул конференцияда Ооганстандын жаңы бийлиги – "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) менен кантип алака түзүү керектиги талкууланды.

Ооганстан боюнча Дели Аймактык коопсуздук диалогу деп аталган жыйынга Индия, Иран, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.

Конференцияга Пакистан менен Кытай да чакырылган, бирок алар келген жок.

Иш-чарага катышкан өлкөлөрдүн дипломаттары жана коопсуздук жаатындагы өкүлдөрү кабыл алган Ооганстан боюнча Дели декларациясында радикализацияга, экстремизмге, сепаратизмге жана баңгизат аткезчилигине аймактык кызматташтык аркылуу туруштук берүү чакырыгы камтылган.

Ага элдешүүгө жетишүү үчүн инклюзивдүү өкмөт түзүү сунушу да киргизилди. Чогулгандар Ооганстандагы гуманитардык кризиске байланыштуу да терең тынчсыздануусун билдиришти.

Индия "Талибандын" өкүлдөрү менен бир ай мурда Катарда расмий жолуккан. Бирок алардын Индияга чакырылып-чакырылбаганы белгисиз.

Ал арада 10-ноябрда талибдердин тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттакинин Пакистанга болгон үч күндүк сапары башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG