Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:33

ПРООН аймактык телеканалдарга дебат өткөрүү үчүн видеотехника берди


Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте Кыргызстандын аймактык телеканалдарына дебаттарды өткөрүү үчүн колдоо көрсөтүп, видеотехника берди. БШК менен аймактык телеканалдардын жетекчилери ортосунда меморандумга кол коюлуп, жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу аталган программанын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан бир мандаттуу шайлоо округдарынын бардык талапкерлерин акысыз эфир убактысын жана катышуусун камсыздоо үчүн ПРООНдун шайлоолорду колдоо программасынын алкагында 7 студиялык видеокамера сатылып алынган.

Меморандумга кол коюу жана техникаларды тапшыруу аземине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгулов, ПРООНдун Кыргызстандагы шайлоолорго колдоо көрсөтүү программасынын кеңешчиси Риса Арай, Улуттук демократиялык институттар программасынын жетекчиси Айбек Орозбай жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңешке 90 депутат келет, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG