Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Пермь шаарында түрмөдөгү кыйноону айыптагандар кармалды


Пермь шаарындагы тергөө абагы (Иллюстрациялык сүрөт).
Пермь шаарындагы тергөө абагы (Иллюстрациялык сүрөт).

Пермь шаарында Орусиянын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматына (ЖАФК) каршы акция уюштурган эки активист кармалды. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" укук коргоо порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Эдуард Лимоновдун башка Орусиясы" аттуу каттоодон өтпөгөн партиянын эки активисти жекшемби күнү федералдык кызматтын Пермдеги башкармалыгынын имаратынын кире беришине "ЖАФК - бул тозок" деген баннер илишкен.

Алар Орусиянын Жазаларды аткаруу боюнча федералдык кызматын реформалоону талап кылган кагаздарды да таратышкан. Анда ЖАФК адамдын ар-намысына шек келтирген мамлекеттик орган экени белгиленген.

Көп өтпөй полиция бул эки активистти жана алар менен кошо акцияны чагылдырып жаткан журналист Глеб Якутовду кармап кеткен.

Октябрь айынын башында Gulagu.net интернет ресурсу Орусиянын Саратов, Иркутск жана Владимир областарындагы түрмөлөрдөгү кыйноолорду ашкерелеген видеолорду жарыялаган. Аларды порталга жаза мөөнөтүн өтөп чыккан, абак жайларындагы компьютерлерге кирүүгө мүмкүнчүлүк алган программист Сергей Савельев берген. Ачыкка чыккан айрым видеолордо түрмө кызматкерлерлери абакта жаткан адамдарды керебетке байлап, уруп-согуп, сексуалдык кордук көрсөтүп жатканы тартылган.

Бул маалыматтар өлкөдө резонанс жараткан жана Орусиянын Тергөө комитети бир нече кылмыш ишин козгогон. Ошол эле учурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен Ички иштер министрлиги Gulagu.net долбооруна маалымат берген Сергей Савельевге издөө жарыялаган. Өлкөдөн чыгып кеткен Савельев Франциядан баш калка сураган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG