Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:27

БШК шайлоо комиссияларына санитардык талаптарды аткарууну тапшырды


Боршайкомдун имараты.
Боршайкомдун имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактагы шайлоо комиссияларынан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого чакырды.

Ага ылайык, комиссия мүчөлөрү отурган жер күн сайын дезинфекцияланып, жуулуп турууга тийиш. Шайлоочулардын идентификациясын аныктоочу буюмдар ар бир шайлоочу менен иштегенден кийин дезинфекцияланышы керек.

Имаратка кирген ар бир жаран колун санитайзер менен тазалап, дене табы текшерилүүгө тийиш.

Бет кап, кол кап жана башка коргоочу каражаттар сөзсүз түрдө болуп, адамдар арасындагы социалдык аралык толук сакталышы зарыл.

Боршайкомдун маалыматына караганда, шайлоочулар өздөрүн мамлекеттик "ТИЗМЕ" порталынан аныктап алышса болот.

Шайлоочулардын баштапкы тизмесине 3 миллион 686 миң адам кирди, алардын 48% эркектер, 52% аял шайлоочулар. Мунун ичинен 69 789 шайлоочу чет өлкөдө катталган.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга карата катталган шайлоочулардын санынан дээрлик 81 миң кишиге көп.

Шайлоочулар өздөрүн тизмеден 19-сентябрдан тартып 12-ноябрга чейин тактай алышат, акыркы такталган тизме 18-ноябрда жарыяланат.

28-ноябрга белгиленген шайлоодо парламентке саясий партиялар аркылуу 54 депутат, ал эми бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG