Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Кыйноого каршы борбор Ош милициясына нааразылык билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Кыйноолорду жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борборунун (КАУБ) кызматкерлери Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген жок. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2-ноябрда мекеменин кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга барып, алдын ала текшерүү жүргүзүшү керек болчу.

"Бардык керектүү документтер жана коргонуучу буюмдар болгонуна карабастан, аталган топту мекемеге киргизүүгө тыюу салынган. Борбордун кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү катын кабыл алуудан да баш тартышкан. Ал эми мекемеге киргизүүгө жол берилбегенден кийин, ал жерде кыйноолорду колдонуу жана аны жашыруу мүмкүн деген шектенүүлөр пайда болот", - деп жазылат КАУБ тараткан маалыматта.

Кызматкерлердин кесиптик ишмердигине тоскоолдук кылуу фактысын иликтөө өтүнүчү менен аталган борбордун өкүлдөрү Ош шаарынын прокуратурасына кайрылышты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы борбордун маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтып, четке кагууда. Маалыматка караганда, Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрү Ош ШИИБнын жетекчилиги менен жолугушууга келишкендиктерин айтышкан.

"Убактылуу кармоочу жайга кирүү боюнча сөз болгон эмес. Башкармалыктын жетекчилиги пландуу кеӊешмеде болгондуктан аларга мүмкүнчүлүк болсо түштөн кийин келүүнү сунуш кылышкан. Борбордун кызматкерлери макул болушуп, башкармалыктан кетишкен", - деп белгиленет Ош милициясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

2011-жылы негизделген "Кыйноолорго каршы коалиция" уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборго 100дөй арыз түшкөн.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG