Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Имон Гилмур: Кыргызстан эл аралык кадыр-баркын коргошу керек


Имон Гилмур.
Имон Гилмур.

Европа Биримдигинин адам укугу боюнча атайын өкүлү Имон Гилмур Кыргызстан экономика, инвестиция, эл аралык соода-сатыкта да адам укугун коргоо принциби менен иштесе, аймактагы кадыр-баркы жогору болорун билдирди.

Гилмур "Азаттыкка" эксклюзивдүү маек куруп, Борбор Азиядагы демократиялуу, адам укугун сыйлаган өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркы өтө маанилүү экенин айтты.

"Адам укугун башка түшүнүктөрдөн азыркы заманбап жашоодо бөлүп кароо мүмкүн болбой калды. Себеби, бүгүнкү күндө соода сатык, экономика, инвестициянын баары адам укугуна байланган. Инвесторлор барган өлкөсүндө мыйзамдын бийик стандарттарын, көз карандысыз сот системасын, адилеттүү соода байланышты талап кылат. Кыргызстан бул аймакта адам укугу жаатында ар дайым лидер катары таанылган. Азыр ошол кадыр-баркын жоготуп албашы керек деген ойдомун".

Имон Гилмур өткөн жумада 7-8-октябрдагы Бишкектеги сапары учурунда Президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана бир катар жарандык активисттер менен жолукту. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG