Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Оренбургда жасалма арактан он киши өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург облусунун бир нече шаар, кыштагында жасалма алкоголго ууланып он киши өлдү. Бул тууралуу аймак губернаторунун маалымат катчысы билдирди. Дагы бир киши ооруканада оор абалда жатканы кабарланды.

Губернатор Денис Паслер жергиликтүү укук коргоо органдарына жасалма алкоголдун сатылышына тыюу салууга, ал эми тургундарды мындай ичимдиктерди ичпөөгө чакырды.

"Оренбург облусунун баардык тургундарын лицензиясы жок ичимдиктери сатып алууну жана ичүүнү токтотууга чакырам. Өмүрүңөрдөн ажырап калышыңар мүмкүн",-деп жазылат Паслердин билдирүүсүндө.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Орусияда жасалма аракка ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск шаарында "Боярышник" деп аталган лосьонду ичип алган 76 киши каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG