Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

"Мен Малала" китеби кыргыз тилине которулду


"Мен Малала" китеби.
"Мен Малала" китеби.

Нобел тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзайдын окуясы баяндалган "Мен Малала" китеби кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу китеп басылып чыккан "Китепстан" басма үйүнөн "Азаттыкка" кабарлашты.

Маалыматка ылайык, китепти которууда бардык автордук укуктар сакталган. Китепти кыргызчага Алтынай Токтоматова которду. "Мен Малала" китебин Малала Юсуфзай жана Патрисия Маккормик жазган.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде билим алуу укугу үчүн күрөшкөн Малаланы 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста атып кетишкен.

Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген.

2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийинчерээк Улуттар Уюмунун эң жаш элчиси болгон. (ST/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG