Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:31

Песков: "Пандоранын архивинен" жашыруун байлыкты көргөн жокпуз


Дмитрий Песков. Орусиянын президентинин маалымат катчысы.
Дмитрий Песков. Орусиянын президентинин маалымат катчысы.

Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Пандоранын архиви” деген аталыш менен чыккан офшордук документтерде реалдуу далилдер жок экенин айтканын РБК басылмасы кабарлады. Ошондуктан Кремл муну текшерүүгө негиз бере турган жагдай катары карабайт.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму 3-октябрда дүйнөдөгү саясий лидерлердин офшорлордо катталган көмүскө байлыгын таап чыккан “Пандоранын архиви” аттуу баяндамасын жарыялады. Анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын чөйрөсүнүн жашыруун байлыктары тууралуу дагы сөз болот.

Дүйнөдөгү 150 маалымат каражатынын 600дөн ашуун журналисти иликтеп чыккан документтерде орус президенти Владимир Путиндин “бейрасмий пропаганда министринин” жана Орусия, АКШ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдөгү 130дан ашуун миллиардердин финансылык ишмердиги камтылган.

Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

Бул иликтөө баяндамасы 11,9 млн жашыруун документтерге негизделип жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG