Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Анкарада Жусуп Абдрахмановдун айкели ачылды


Жусуп Абдрахмановдун айкели.
Жусуп Абдрахмановдун айкели.

1-октябрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жусуп Абдрахмановдун айкелинин ачылыш аземи өттү.

Ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана шаардык Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел катышты.

Абдрахмановдун айкели турган Түрк тарых паркында түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү - Мустафа Кемал Ататүрк, Мамед Эмин Расулзаде, Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Гурбангулы Бердымухамедов жана Рауф Денкташтын эстеликтери да бар.

Анкарадагы Түрк тарых паркы быйыл 29-августта ачылып, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү болгон кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун, түркмөн акыны Махтумкулинин, казак акыны Абай Кунанбаевдин, Түркия тарыхынын белгилүү инсандары жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 эстелик бар. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG