Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

"Коопсуз шаар-2" долбоорун 2022-жылдын жаз айында ишке киргизүү пландалууда


Мониторинг борбору.
Мониторинг борбору.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруудагы негизги жумуштарды ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми толугу менен ишке киргизүү 2022-жылдын март айына барат.

Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев Мониторинг борборунун иши менен таанышкан учурда билдирди.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, "Коопсуз шаар-2" долбоорунун алкагында Мониторинг борбору толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, өлкөнүн түндүгүндөгү аппараттык-программалык комплекске туташтырылды. Борбор компьютер жана коммутациялык каражаттар менен жабдылат. Ал жолдогу эреже бузууларды каттап, маалыматтар мониторинг борборуна жеткирилип турат. Операторлор транспорт жана жүргүнчүлөрдүн агымын, ылдамдыгын, кызыл жарыктан өтүү, туура эмес жерге унаа токтотуу фактыларын каттайт.

"Коопсуз шаар" Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык "Вега" концерни ишке ашырды.

Ал эми "Коопсуз шаар-2" долбоорун уткан кытайлык компания жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG