Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Кара-Кулжа районуна Дамир Кулубаев аким болуп дайындалды


Дамир Кулубаев.
Дамир Кулубаев.

Ош облусундагы Кара-Кулжа районун Дамир Кулубаев жетектейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрация 27-сентябрда маалымдады.

Дамир Кулубаев 2017-2018-жылы Чүй облусундагы Панфилов районунда аким болуп иштеген.

Кара-Кулжа районун буга чейин жетектеп келген Аманкан Кенжебаев өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланды.

Кара-Кулжа району Ош облусундагы ири райондордун бири. Аймагы 5712 чарчы метр. 2009-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгына ылайык, райондо 100 миңдей адам жашайт. 12 айыл аймагын жана 47 айылды камтыган район облустагы тоолуу аймактардын бири. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG