Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:52

Марипов ГЭСтердеги монтаждоо иштери менен таанышты


Улукбек Марипов Токтогул ГЭСиндеги жана Камбар-Ата ГЭС каскадындагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 25-сентябрь, 2021
Улукбек Марипов Токтогул ГЭСиндеги жана Камбар-Ата ГЭС каскадындагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 25-сентябрь, 2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токтогул ГЭСиндеги жана Камбар-Ата ГЭС каскадындагы оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Марипов Токтогул ГЭСиндеги жабдууларды капиталдык ремонттон өткөрүү жана монтаждоо иштери, ГЭСтин төртүнчү гидроагрегатынын жабдууларын алмаштыруу иши менен таанышты.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жетекчилиги энергетикалык объекттердин алдыдагы күз-кыш мезгилине карай белгиленген жүктү көтөрүүгө даярдыгы тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ГЭСтин жабдууларын калыбына келтирүү жана оңдоо, зарыл жабдууларды жеткирүү боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды. Аймактардагы отун базаларына жана сатуу пункттарына керектүү көлөмдөгү көмүрдү өз убагында жеткирүү, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын кошумча импорттоо маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

25-сентябрда Улукбек Марипов Күрпсай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон гидроэлектростанцияларына да барып, иши менен таанышты.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,9 млрд. кубометрге аз экенин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирген. Суу сактагычка сууну толтуруу жана көлөмүн сактоо үчүн Бишкек Жылуулук электр станциясы (ЖЭБ) күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG