Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Орусиядагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтары чогултулат


Шайлоого карата Орусиядагы элчиликте өткөн жыйындан тартылган сүрөт.
Шайлоого карата Орусиядагы элчиликте өткөн жыйындан тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңешке шайлоого карата Орусиядагы кыргыз жарандарынын тизмеси октябрда такталат. 4-17-октябрда ал жактагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, консулдук каттоого коюу жана башка документ иштери жүргүзүлөт. Аны Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү ишке ашырат. Бул алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын алкагындагы иш-чара экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

21-сентябрда БШК мүчөлөрү Москвадагы элчиликте кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат.

-Москвада беш жерде;

-Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Казан, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо тилкеси болот.

Расмий эсепте Орусияда 500 миңджен көп, бейрамий миллиондон ашуун кыргызстандык бар.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG