Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Байден: Биз дипломатиянын жаңы доорун ачып жатабыз


АКШ президенти Жо Байден. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден. Нью-Йорк, 21-сентябрь, 2021-жыл.

21-сентябрда Жо Байден АКШнын президенти катары биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассемблеясына кайрылуу жасады. Ал сөзүнүн башында COVID-19 пандемиясынын кесепетине токтолуп, дүйнөнү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө чакырды.

Ошондой эле АКШ кайрадан эл аралык үстөлгө кайтып келгенин, НАТО, Евробиримдик жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кайра бекемдеп жатканын белгиледи.

"Биз Ооганстандагы 20 жылдык чыр-чатакты токтоттук жана бул тынымсыз согуш мезгилин аягына чыгаруу менен тынымсыз дипломатиянын жаңы доорун ачып жатабыз", - деди Байден.

Ал дүйнөдөгү чоң маселелер күч менен чечилбестигин, коронавирус пандемиясын илим менен гана жеңсе болорун билдирди. Мындан тышкары АКШ авторитаризмди айыптай турганын эскертип, Вашингтон жаңы кансыз согушту көздөбөй турганын кошумчалады.

Пандемия башталгандан бери биринчи жолу дүйнө лидерлеринин бир бөлүгү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесине чогулушту. Былтыр коронавирустан улам президент же премьер-министрлердин дээрлик баары алдын ала кайрылуусун жөнөтүшкөн.

Быйыл Башкы ассамблея лидерлерге Нью-Йоркко келип кайрылуу жасоого же жыйынга онлайн катышууга мүмкүнчүлүк берди. Мындан улам дүйнөнүн 100дөн ашуун лидери Башкы ассемблеяга түз кайрылууну чечти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG